Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:33

14:39 Кыргызстанда жаш илимпоздордун кеңеши түзүлөт


Билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу Ишенгүл Болжурова шаршембиде баш калаадагы ЖОЖдордун жаш илимпоздор кеңештеринин лидерлери менен жолугушкан. Анын натыйжасында И.Болжурова өлкөдө жаш илимпоздордун кеңешин түзүү демилгесин көтөрүп чыкканын аталган министрликтин басма сөз-кызматы кабарлады. Кеңеш илимий изилдөөлөр менен алектенип келаткан жаштарга эмгектерин эларалык илимий басылмаларда жарыялоодо, кандидаттык, докторлук эмгектерине байланышкан маселелерин чечүүдө, эларалык конференцияларга катышууда жана социалдык проблемаларын чечүүдө көмөктөшмөкчү. Азырынча демилгечи топ түзүлүп, ал болочоктогу кеңештин иш-тартибин аныктоо үстүндө иштеп жатканы кабарланды. (TD)

XS
SM
MD
LG