Ирандын ИСНА кабар агенттиги билдиргенине караганда укук коргоочу жана өлүм жазасына каршы күрөшүп жүргөн активист Эмаддедин Баги абактын ооруканасына жеткирилди. Ал октябрда Ирандын ислам бийликтерине каршы үгүт жүргүзгөн, сырдуу документтерди жарыялаган деген айып менен камакка алынган. Ага чейин Баги бир нече ирет түрмөгө отуруп чыккан.