Линктер

шаршемби, 20-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 19:06

18:12 Ошто шайлоочулар добуштарын жок кылгандыгы үчүн шаардык шайлоо комиссиясын сотко беришти


Мындай маалыматты “Ата мекен” партиясынын Оштогу штабынын башчысы Абдыкайым Кангелдиев “Азаттыкка” кабарлады. Анын айтымында, Ош шаарындагы 17 шайлоо участогун иликтешкенде партия күйөрмандарынын миңдеген добуштары таптакыр жокко чыгарылып, протоколго түшүрүлгөн эмес. Ошол себептүү нааразы тараптар шайлоо жыйынтыгын бурмалагандарды жоопко тартууну талап кылышууда. Ош шаардык шайлоо комиссиясынын төрагасы Мухтар Пайзылдаев парламенттик шайлоо таза, адилет өткөндүгүн белгилеп, сот эле эмес Кудай алдында да ак экендигин далилдей тургандыгын билдирди. (АТо)

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында жарыялаган онлайн сынак аяктады. Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. ​

XS
SM
MD
LG