Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:09

15:06 Жогорку Сот «Атамекен» партиясынын арызын канааттандырган жок


Бул тууралуу партиянын өкүлү Чолпон Жакупова "Азаттыкка" билдирди. Белгилүү болгондой «Атамекен» партиясы 16-декабрдагы шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу талабы менен Биринчи май райондук сотуна кайрылган. Райондук сот арызды канааттандырган эмес. Партия апелляциялык арыз менен Жогорку Сотко кайрылган. Жогорку Сот арызды кароону 29-декабрга белгилеп, бүгүн карады. Бирок партиянын өтүнүчүн канааттандыруудан баш тартты. Сотко Өмүрбек Текебаев баш болгон «Атамекен» партиясынын лидерлери катышты. Алар соттун чечимине кескин нааразылыгын билдирип,жаз айларында калк ичинде нааразылык күчөшүн белгилешти.(AiT)

XS
SM
MD
LG