Орусиядагы Британ кеңешине байланыштуу чатак, Москванын Евробиримдик менен кызматташуусуна зыян келтириши мүмкүн. Москвадагы британ элчиси Энтони Брэнтондун сөзүнө караганда, Британ кеңешине катуу кысым көрсөтүлүп жаткан кезде биримдиктин кызматташуу боюнча сүйлөшүүнү баштоосу кыйын болот. Бирок, ырасмий Лондондо сүйлөшүүгө бут тосуу ниети жок. Орусия Британ кеңешинин өлкөдөгү бөлүмдөрүн жабууну буйруган.