Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:04

Беназир Бхуттонун тарапкерлери экс-министрдин өлүмү үчүн бийликти күнөөлөөдө


Пакистан өкмөтү жана Беназир Бхуттонун тарапкерлери экс-премьер-министрдин өлүмүнө байланыштуу өз ара араздашууда. Ички иштер министрлиги Бхуттого кол салууну “Аль-Каиданын “ жергиликтүү лидери Байтулла Месхуд уюштурду деп ырастоодо. Бирок Месуд жардырууга эч кандай тиешеси жок экенин билдирди. Бхуттонун Элдик демократтык партиясы террордук чабуулду Байтулла уюштурганын тастыктаган далилдер жок экенин айтып, Первез Мушаррафтын өкмөтүн Беназир Бхуттонун коопсуздугун камсыздай албады деп күнөөлөгөн. 27- декабрдагы кандуу калабадан соң Бхуттонун тарапкерлери менен полиция ортосунда чыккан кагылууда 30дан ашуун адам набыт болуп, өлкөнүн ар кайсы шаарларында толкундоолор башталган. Президент Мушарраф коомдук тартипти бузуучуларга каршы катаал чара көрүүнү буйруду.

XS
SM
MD
LG