Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:33

11:30 2008-жылдын жаз айларында Кыргызстанда коомдук-саясий кырдаал курчушу мүмкүн


Мындай божомолду “Ата Мекен” партиясынын жаш канатынын лидери Жоомарт Сапарбаев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында элдин дээрлик көпчүлүгү 16-декабрьдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгы менен нааразы. “Анткени, биринчиден добушун уурдаткандар көп, экинчиден эл түшүнүп калды бул бийлик менен акыйкаттык жана адилеттүүлүк келишпес нерсе. Оппозиция жакшы иштесе, эл бизди колдойт. Анткени эл деле тажап бүттү, он беш жыл бою ушундай шайлоолорду көрүп келеткан эл айтып жатат “Биз өмүрү мындай ыплас шайлоону көргөн эмеспиз” деп. Менимче бул жөн эле кала бербейт”, - деди Ж. Сапарбаев. Ал эми жер жерлерде “Мен ишенбейм...” акциясы улантыла берерин кошумчалады. Ага “Ата Мекен”, “Замандаш”, “Жашылдар”, “Келкел”, “Ар Намыс”, “Жебе” партияларынын өкүлдөрү жана башка шайлоого макул эмес жаштар катышмакчы. (ESu)

XS
SM
MD
LG