Бүгүн 30-декабрь күнү кечинде борбордук Ала-Тоо аянтында президент Курманбек Бакиевдин катышуусунда “Санта-Клаустардын жаңы жылдык курултайы” аттуу майрамдык салтанат өтөт. Анда шаар тургундары менен конокторго маданият ишмерлери, жаш ырчылар концерт коюшат. Жаңы жылдык салтанаттар экинчи январга чейин уланат. (ESu)