Мындай пикирин “Ата Мекен” партиясынын төрагасы Ө. Текебаев Азаттыкка билдирди. Кечээ Жогорку Сот «Атамекен» партиясынын арызын канааттандырган жок. Белгилүү болгондой «Атамекен» партиясы 16-декабрдагы шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу талабы менен Биринчи май райондук сотуна кайрылган. Райондук сот арызды канааттандырган эмес. Партия апелляциялык арыз менен Жогорку Сотко кайрылган. Жогорку Сот арызды 29-декабрда карады. Бирок партиянын өтүнүчүн канааттандыруудан баш тартты. “Биздин колубузда шайлоо бурмалоо менен өттү деген көп далилдерибиз бар болчу. Буларды көрүп туруп, сот шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарбай, тайсалдап жоопкерчиликти мойнуна албай, кароодон баш тарты”, - деп айтты Өмүрбек Текебаев. (ESu)
17:07 Өмүрбек Текебаев: Биз биринчи май райондук жана жогорку соттун чечимин мыйзамсыз деп эсептейбиз