Президент К. Бакиевдин 29-декабрдагы жарлыгы менен Жээнбек Кулубаев Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси болуп дайындалды.Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси болуп буга чейин иш алып барып келген Равшан Жээнбеков кызматынан кетип, оппозицияга өтүп жатканын расмий түрдө 2007-жылдын 6-апрель айында билдирген. Маалыматтарга караганда, учурда Р. Жээнбеков АКШда Массачусетс технологиялык университетинде окууда жүрөт. Р. Жээнбеков 16-декабрда өткөн парламенттик шайлоодо “Ата мекен” партиясынын тизмесинен өз талапкерлигин көрсөткөн.(MSu)