Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:08

АКШ: Түндүк Корея сөзүнө турган жок


Түндүк Корея Йонбьондогу реактордун ишин токтотуу жана 2007-жылга чейин өзөктүк обектилери тууралуу толук маалымат берүү убадаларын аткарган жок. Бул тууралуу АКШнын Мамлекеттик департаментинин өкүлү Том Кейси билдирди. Расмий Пхеньян эл аралык жардам алган шартта 31-декабрга карата өзөктүк программасы боюнча бүткүл маалыматты берип, башкы өзөктүк реакторунун ишин токтотот, ага катар өзөктүк технологияны жана материлдарды таратпоого да милдеттеме алган. Түндүк Корея менен көп тараптуу сүйлөшүүлөргө Түштүк Корея, АКШ, Кытай, Жапония жана Орусия тартылган.

XS
SM
MD
LG