Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:26

15:02 Түштүктө жер титирөө болду


Жер титирөө 31-декабрдан 1-январга оогон түнү түнкү саат 12:20 ченде Ош шаарынын жана Араван, Карасуу райондорунун аймагында болду. Чукул кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча жер титирөөнүн күчү 5,5 баллга жеткен, ал эми анын очогу Ош шаарынан 115 чакырым аралыкта турган Өзбекстандын аймагында болгону айтылууда. Алдын ала маалыматтар боюнча жер титирөөдөн бир нече турак-жай жабыркаган. Адамдардан жапа чеккендер жок. Ал эми 1-январь күнү түшкү саат он эки жарымда болгон жер титирөөнүн күчү Таш-Көмүр шаарынан элүү километр алыстыка жайгашкан Үч-Коргон айылында 4,5 баллга, ал эми Ош, Кара-Суу, Майлы-Сай, Жалалабад шаарларында 3 баллга жеткен. Чукул кырдаалдар министрлигинин басма сөз катчысы Алишер Ташматовдун айтымында жер титирөө болгон аймакка атайын түзүлгөн топ жөнөп кетти. Сейсмология институту жер титирөө дагы кайталанышы ыктымалдыгын билдирүүдө. (AiJu)

XS
SM
MD
LG