Баңзаттарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик агенттигинин түштүк борборунун, ИИМдин баңзаттарга каршы күрөшүү бөлүмүнүн жана чегара кызматкерлери тарабынан 31 –декабрь күнү Алай районунда 78,5 кг героин жана 31 кг дан ашуун гашиш кармалган. ИИМ маалымат кызматынын кабарлоосу боюнча мынчалык көп өлчөмдөгү баңзат буга чейин кармалган эмес, ал эми бул баңзатты ташып өтүүнүн артында ким турганы белгилүү болду. Бирок тергөө иштеринин кызыкчылыгы үчүн азырынча бул ачык айтылбайт, деп кабарлайт ИИМ маалымат кызматы. (ZKo)