Ирактын баш калаасы Багдаддын жанындагы шаарлардын биринде жанкечти жардырган бомбадан 28 адам набыт болуп, дагы 33 адам оор жаракат алды. Кабарларга ылайык, окуя төрт күн мурда бомбанын жарылуусунан каза тапкан жоокерди акыркы сапарга узатуу учурунда Шия шаарында орун алган.