Бүгүн өкмөт башчы Игорь Чудинов президент Курманбек Бакиевге 1-январдагы түштүктөгү жер титирөөнүн кесепеттерин билдирди. Премьер-министрдин маалыматына караганда зилзаладан үч мектеп, 167 үй жараксыз болуп, 267 үйбүлө көчүрүүгө муктаж. Жер титирөөнүн очогу болгон Папан айыл өкмөтүнө караштуу Тогуз булак айылында 65 үй жараксыз деп табылган. Учурда бир нече айылга чатыр, меш, таш көмүр жеткирилген. Президент Курманбек Бакиев өкмөт башчыга зилзала болгон жерге биринчи вице-премьер-министр Искендербек Айдаралиевди жөнөтүүнү жана жабыр тарткандарга тез арада жардам көрсөтүүнү тапшырды. Ошондой эле өлкө башчысы жардам көрсөтүүгө бардык мамлекеттик органдар жооптуу экенин баса белгиледи. Бул тууралуу бүгүн президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты. (AJ)
14:35 Президент К.Бакиев жер титирөөдөн жабыр тарткандарга тез арада жардам көрсөтүүнү өкмөткө тапшырды