Транспорт жана байланыш министрлигинин статс-катчысы Кубанычбек Мамаевдин “Азаттыкка” таңкы маектешүү учурунда билдиргени боюнча Бишкек-Торугарт канжолун курууга Азия өнүктүрүү банкы 20 млн сом бөлгөн. Ошондой эле быйылкы жылы жалпы жолдорду оңдоп-түзөө иштерине мамлекеттик бюджеттен 1,5 млрд сом бөлүнгөн. Бул өткөн жылкыдан 70% көп. (ZKo)