Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июнь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:25

14:28 Ө.Текебаев: Өлкөдө оппозиция бириге турган кырдаал түзүлдү


«Кыргызстанда өлкөнүн келечегин камсыз кыла турган адилеттүүлүк, мыйзамдуулук принциптери коркунучта, мындай учурда бардык прогрессивдүү демократиялык күчтөр чоң-кичинесине карабай биригишет», - деп билдирди «Ата мекен» партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев бүгүн «Азаттыктын» тегерек үстөлдөгү талкуусу учурунда. Партия лидери ошондой эле учурда саясий партиялардан, коомдук уюмдардан жана белгилүү саясатчылардан, коомдук ишмерлерден турган реалдуу күчтөр бириккенин жана жаңыдан түзүлүп жаткан "Акыйкат үчүн" кыймылы 90-жылдардын башындагы Кыргызстан демократиялык кыймылы сыяктуу эле элдик демилгени көтөргөн кыймылга айланарына ишенээрин белгиледи.(SM)

XS
SM
MD
LG