Алар жергиликтүү бийликтерге оппозиция лидери Беназир Бухуттонун өлүмүн иликтөөгө жардам берет. Расмий тергөөнүнүн алгачкы маалыматтарына караганда, Бхутто жанкечти жасаган жардырууда качууга аракеттенип жаткан кезинде башына сокку жеп каза тапкан жана бул үчүн бийлик "ал-Каида" менен байланышы бар согушкерлерди айыптоодо. Ал эми Бхуттонун партиясы ал ок тийип каза тапты деп ырастоодо. Пакистан президенти Первез Мушараф британиялык тергөөчүлөрдү Бхуттонун өлүмүнө байланышкан баардык шек саноолорду төгүндөө максатында чакырганын билдирген. Бхуттонун партиялаштары анын өлүмү боюнча Улуттар уюмунун эгидасы астында көз карандысыз тергөө жүргүзүлүүсүн талап кылышты.