Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:30

12:15 Коррупциянын алдын алуу боюнча улуттук агенттигине арыз-даттануулар көбөйдү


2007-жылы агенттикке бардыгы болуп 237 арыз каты түшкөн. Бул 2006-жылга салыштырмалуу эки эсеге көптүк кылат. Арыздануулар көбүнэсе Бишкек, Ош жана Чүй обулустарынан келип түшүүдө. Өткөн жылы ишеним телефону аркылуу жетимиш бир адам фискалдык жана укук коргоо органдарына карата нааразылыгын билдиришкен. Бирок арыздануучулардын алтоосу бул орган өкүлдөрүнүн куугунтуктоосунан кооптонуп, өз аттарын атоодон баш тартышкан. Бүгүнкү күнү келип түшкөн арыздар боюнча паракорчулугу аныкталган иштерди агенттик Баш прокуратурага жана Ички иштер министрлигине өткөрүп берди. Өткөн жылы агенттиктин кийлигишүүсү менен коррупция фактысы боюнча он эки кылмыш иши козголгон. (EKa)

XS
SM
MD
LG