Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:01

16:34 14-январда өлкөдөгү прогрессивдүү демократиялык күчтөрдүн форуму өтө турган болду


«Акыйкат үчүн» кыймылынын бүгүнкү кезектеги жыйынында 14-январда буга чейин жарыялангандай конференция эмес, форум өткөрүү чечими кабыл алынды. Бир катар саясий партиялардын, коомдук уюмдардын өкүлдөрү, коомдук ишмерлер чакырылган бул жыйында өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаал талкууланы, өткөн айдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыктарына баа берилет. Аталган кыймылга азырынча 8 партия жана 10 чакты коомдук уюмдар кирген. Алардын катарында «Ата Мекен», «Ар намыс», «Асаба», «Таза коом» сыяктуу партиялар бар. «Ата Мекен» партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев кечээ «Азаттыкка» берген маегинде өлкөдө оппозиция бириге турган кырдаал түзүлгөнүн, реалдуу күчтөр биригип жаткан бул кыймыл элдик демилгени көтөргөн чоң кыймылга айланаарына ишенээрин билдирген. (SM)

XS
SM
MD
LG