Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:51

13:40 Грузиядагы президенттик шайлоого кыргызстандык байкоочулар да көз салууда


Бул өлкөдө бүгүн өтүп жаткан президенттик шайлоого эл аралык ЕНЕМО уюмунун алкагында Кыргызстандагы бейөкмөт уюмдардын 4 өкүлү байкоо салууда. Алардын бири Бурул Усманалиева түшкө чейин «Азаттыкка» грузин шайлоочуларынын активдүүлүгү жогору болуп жатканын билдирген. Анын баамында, олуттуу мыйзам бузуулар байкалбаганы менен шайлоочулардын көбү өздөрүн тизмеден таба албай жатканына нааразы болушкан. Грузиядагы шайлоого Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясынын бир өкүлү да байкоочу катары катышып жатканы кабарланууда.(SM)

XS
SM
MD
LG