Грузияда мөөнөтүнөн мурда өткөрүлгөн президенттик шайлоо сыяктуу Кыргызстанда да өлкө башчысы Курманбек Бакиев президенттик чукул шайлоону марттын срңунда өткөрүүгө ниети бар экендигин айрым саясатчылар айтышууда. “Эркиндик” партиясынын лидери Топчубек Тургуналиев референдум жана парламенттик шайлоодон кийин кыргыз бийлиги президенттик чукул шайлоого барышпайт деп ишенсе, саясат тануучу Нур Омаров президенттик чукул шайлоо өткөрүү менен Курманбек Бакиев оппозицияны алсыратып, өзүнүн жеке бийлигинин үстөмдүгүн арттыруу максатын көздөйт деген пикирин “Азаттыкка” билдирди. (ESu)