Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Июль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:30

Ирак армиясынын жоокерине америкалык аскерлерди өлтүргөн деген айып тагылууда


Ирак армиясынын жоокери америкалык 2 аскерди өлтүрүп, үчөөнү жана котормочуну жарадар кылган деген айып менен камакка алынды. Ирактык генерал Мутаа ал-Харзажинин ырастоосунда, жоокер козголоңчу топ менен байланышта болчу деген шектенүүлөр бар. Окуя 26-декабрда амеркиалык жана ирактык аскерлердин Мосул шаарындагы биргелешкен операциясы маалында орун алган, бирок анын чоо жайы азыр гана белгилүү болду.

XS
SM
MD
LG