Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:38

7:00 Ош облусунда жер титирөөнүн кесепеттерин аныктоо иштери уланууда


Чукул кырдаалдар министри Камчыбек Ташиевдин бүгүн эртең менен «Азаттыкка» билдиргенине караганда, буга чейин 6852 турак жай изилденип чыкты. Ага ылайык, кырсыктан үч үй толук кыйрап, 726 менчик жана 5 көп кабаттуу үй, 9 мектеп айрым маданий жана саламаттыкты сактоо мекемелери жапа чеккен. Жер титирөөдөн өзгөчө Карасуу, Ноокат райондорунун бир катар айылдары жана Ош шаары катуу жапа чеккен. Аймактагы кабарчыбыздын билдиргенине караганда, кырсыктан жапа чеккен тургундар өлкө башчысы өзү келип, абал менен таанышуусун талап кылышууда. 1-январга оогон түнү Ош облусунда күчү 6-7 баллга жеткен жер титирөө болгон.(SM)

XS
SM
MD
LG