Иракта жекшемби күнү бомба жарылуусунан бери дегенде он эки адам мерт кетип, дагы ондогон адамдар оор жараат алды. Кабарларга ылайык, жанкечти өзүн Ирак армиясынын күнүн белгилөө үчүн чогулган жоокерлердин жанында жардырып жиберген. Ирактын түштүгүндөгү Басра шаарында британ аскер күзөтүнүн жанында дагы бомба жарылган, курмандыктар тууралуу азырынча кабар жок.