Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:23

11:55 Турсунбек Акун: Зилзаладан жабыркагандардын акыбалы канааттандырарлык


КР президентинин алдындагы адам укугун коргоо комиссиясынын төрагасы Турсунбек Акун жер титирөөдөн жабыркагандар менен жолугушкан. Анын “Азаттыкка” маалымдаганы боюнча Карасуу районунун Башбулактагы жатаканага жайгаштырылган 284 адамдын дээлик бардыгы балдар, карылар жана аялдар. “Жаткан бөлмөлөрү жылуу, 1 маал ысык тамак менен камсыз болуптур, жер титирөөдөн жабыркагандарга берилген гуманитардык жардамды бөлүштүрүү ишин жергиликтүү тургундардан түзүлгөн комиссия көзөмөлгө алыптыр. Былтыр Кочкор, Баткендеги болгон жер титирөөдө көрсөтүлгөн жардамдарга салыштырмалуу буларга оперативдүү түрдө жакшы жардам берилип жатат,” -дейт Турсунбек Акун.
Укук коргоочу кырсык болгон Тогузбулак, Карасөгөт айылдарына барбагандыгын кошумчалады. (ZKo)

XS
SM
MD
LG