Аксылык жабырлануучулардын адвокаты Сартбай Жайчыбековдун “Азаттыкка” билдиргени боюнча сот иши 9-январда Жалалабат шаарында башталат. Ишти республикалык гарнизондук аскер соту айыпталуучулардын жана жабырлануучулардын апелляциялык арызынын негизинде карамакчы.
Бишкек гарнизондук аскер соту 23-октябрда Аксы окуясы боюнча айыпталып жаткан ички иштер министринин мурдагы 1-орунбасары Садырбек Дубанаевди толугу менен актап, кылмыш кодексинин 305-304 беренелери боюнча күнөөлүү деп табылган облустун экс-прокурору Зоотбек Кудайбергенов менен областтык милициянын мурдагы башчысы Кубанычбек Токобаевди 2 жылдык сыноо мөөнөтү менен 5 жылга эркинен ажыраткан. Сот чечимине айыпталуучулар да, жабырлануучулар да адилетсиз чечим катары баалап, жогорку сот бутагына апелляциялык арыз жолдошкон.
Адвокат Сартбай Жайчыбековдун айтуусунда сот болору тууралуу кабарлама чакырыкты Аксылык жабырлануучулар да, адвокаттар жана башка расмий өкүлдөр да алган эмес. (ZKo)