Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:45

16:30 Жер титирөөдөн жабыркагандарга гумжардамдарды жеткирүүгө Орусиянын учагы көмөктөшөт


Кант аба майданында жайгашкан Орусиялык аба күчтөрүнүн АН-12 учагын жер титирөөдөн жабыркагандарга жардам жеткирүү максатында колдонуу тууралуу макулдашылды. Ага ылайык АН-12 учагы эртеңден тарта Кант аба майданынан Ош шаарына чейин гуманитардык жардам катары берилген жүктөрдү ташый баштайт. Бул учак менен эртең Австрия жана Словакия өкмөттөрү тарабынан берилген 62 жылуу чатыр, 20 жылыткыч меш жана жылуу кийим-кечелер жеткирилмекчи. Буга чейин чукул кырдаалдар министрлиги тарабынан жер титирөөдөн жабыркаган аймактарга 287 чатыр, 240 жылыткыч мештер жеткирилген, деп маалымдайт министрликтин басма сөз кызматы. (ZKo)

XS
SM
MD
LG