Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:21

8:10 Ажылык сапарга автобус менен кеткендерден азырынча кабар жок


Дин иштери боюнча мамлекеттик агенттик автоунаа менен өз алдынча ажылыкты уюштургандарга чара көрүү боюнча тиешелүү тараптарга кайрылууда. Аталган агенттиктин башчысы Тойгонбек Калматов ажылык сапарга учак менен гана баруу боюнча өкмөт токтомуна баш ийбей, өз алдынча ажылыкты уюштургандарга чара көрүлүп, мындай иш кийинки жылдары кайталанбашы керек деп эсептейт. Айрым маалыматтарга караганда, тыюу салынганына карабай быйыл да Кыргызстандан 400дөй адам 10 чакты автобус менен ажылык сапарга чыгышкан. Алардын бир катары Мекеге жетпей кайтып келаткандыгы, дагы бир катарынын Саударабстанга ачылган визасы жасалма экендиги тууралуу сөздөр бар. Бирок ажылык сапарга өз алдынча чыккандар боюнча азырынча так маалымат жок.(SM)

XS
SM
MD
LG