Кыргызстандын эл аралык университетинде бүгүн өткөрүлгөн бул оюнга башка ЖОЖдон кошулуп баш-аягы кырктай студент катышты. Оюн “Эмне? Кайда? Качан?” деген аталыштагы теле-программанын негизинде уюштурулуп, ага ылайык бүгүн жаштар философия, психология, маданият тануу боюнча татаал суроолорго жооп табышып, эрудициясын сыноодон өткөрүштү. ЖОЖдор арасындагы достукту, кызматташтыкты чыңдоого багытталган бул долбоорду «АзияУниверсалБанкы» каржылап берди. (EKa)