Адвокаттардын кайрадан экспертиза жүргүзүү өтүнүчү менен иш 10-февралга чейин токтотулганын «Азаттыкка» адвокат Айжан Касымалиева билдирди. Бул ишти Биринчи май райондук соту жабык карап жаткан. Жогорку Кеңештин басма сөз кызматында иштеген Жыпар Арыкова башка өлкөнүн пайдасы үчүн тыңчылык кылган деген шек менен коопсуздук кызматы тарабынан былтыр 19-июнда кармалган эле. Бул иште тыңчылык беренеси боюнча кыргыз улутундагы Кытай жараны Үсөк Исмаиловго да кылмыш иши козголгон. (SM)