Грузияда оппозиция БШКнын төрагасы Леван Тархнишвилинин кызматтан кетүүсүн талап кылып жатышат. Оппозиция өкүлдөрү комиссия төрагасын бурмалоого жол берген деп айыпташууда. БШКнын маалыматына ылайык, 5-январда өткөн президенттик шайлоодо Михаил Саакашвили 52 пайыз добуш алган. Оппозиция атынан шайлоого катышкан Леван Гачечиладзе 25 пайыз добушка ээ болгон.