Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы кабарлады. Тиешелүү доо-арызы менен ИИБге 20 жаштагы кыз 8-январда кайрылган. Бул боюнча кылмыш-жаза Кодексинин 155 - “Кыздын каалоосу жок никеге турууга мажбурлоо” - деген берене боюнча кылмыш иши козголду. Бишкектеги Америка университетинин изилдөөчүсү Газбүбү Бабаярованын айтымында, 2006-жылы ала качуу фактылары боюнча 74 кылмыш иши козголуп, бирок алтоо гана сотко жеткен. (JTo)