Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:02

12:20 «Акыйкаттуулук үчүн» кыймыл 14-январда Бишкекте Форум уюштурат

Бул тууралуу кыймылдын координатору Аликбек Жекшенкулов бүгүн билдирди. Анын айтымында, форумда парламенттик шайлоонун жыйынтыгы, өлкөдөгү кырдаал, конституциялык реформа, парламенттин ролу, кыргыз коомчулугунда моралдык-нравалык абал талкууга алынат. Андан сырткары Коомдук парламентти жана кыймылдын Координациялык кеңешин түзүү маселеси каралууда. « Акыйкат үчүн» кыймылга оппозициялык маанайдагы 9 партия, 20 тегерегинде өкмөттүк эмес уюмдар кирген.(AiT)
XS
SM
MD
LG