Мындай чечимди илим жана билим берүү министрлиги кабыл алды. Ноокат районунда Абдылакимов атындагы мектепте, Карасуу районундагы Барпы, Култаев, Пушкин, Сакыев атындагы жана Карасогот мектептеринде окуучулардын каникулу 1-февралга чейин созулат деп кабарлады министрликтин маалымат кызматы. Облустун башка мектептеринде окуу чейреги 14-февралда башталат. 1-январда болгон жер титирөөдөн Ноокат жана Карасуу районундагы, Ош шаарындагы 35 мектеп түрдүү деңгээлде жабыр тарткан. Алардын айрымдары окуу жараянын жүргүзүүгө таптакыр жараксыз болуп калган. (JTo)