Жаңы регламентке ылайык сессияда ар бир фракциянын атынан бир гана депутаттын сөз сүйлөөсү каралган. Бул жобо депутаттар арасында талаш-тартыштарды жаратып жатат, деп билдирди депутат Осмонбек Артыкбаев. Ошондой эле кадимки мыйзамдарды эки окуудан, ал эми конституциялык мыйзамдарды үч окуудан кабыл алуу тартиби киргизилүүдө. Сессияны болсо шейшемби, бейшемби жана жума күндөрү өткөрүп, дүйшөмбү жана шаршемби күндөрү комитеттерде, фракцияларда иштөө сунушталып жатат. Сунушталып жаткан регламент фракция жана комитеттерде дагы бир жолу талкууланып, андан кийин кабыл алууга коюлат, деп белгиледи Артыкбаев.(AiT)