Республикалык аскер соту бул ишти кечээ карап башташы белгиленген эле, бирок аба ырайына байланыштуу судьялар Бишкектен барбай калгандыктан иш бүгүнкүгө которулду. Былтыр октябрь айында Бишкек гарнизондук аскер соту Аксы окуясы боюнча айыпталып жаткан ички иштер министринин мурдагы 1-орунбасары Садырбек Дубанаевди актап, облустун мурунку прокурору Зоотбек Кудайбергенов менен облустун мурдагы милиция башчысы Кубанычбек Токобаевди беш жылга шарттуу түрдө эркинен ажыраткан. Соттун мындай чечимине нааразы болгон аксылыктар республикалык аскер сотуна апелляциялык арыз жолдошкон.(SM)