Иракта 2003-жылы мартта башталган кагылышуулардын бери 2006-жылдын орто ченине чейин бул өлкөдө 151 миң жайкын тургун набыт болгон. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму жарыялаган докладда айтылат. Ага ылайык, кол салуулардан жана кагылышуулардан мерт кеткендердин саны 104 миңден 223 миңге чейин жетиши мүмкүн. Уюм жарыялаган сандар буга чейин “Ирактагы курмандыктардын саны” аттуу долбоордун эсептөөлөрүнөн үч эсе көп болуп чыкты.