Сөзүнүн башында президент өлкөдө конституциялык реформа соңуна чыгарылып, туруктуулук үчүн шарт түзүлгөнүн, экономикалык реформаларды чечкиндүү жүргүзүүгө мезгил келгенин белгиледи. Президент ошондой эле бюджеттин көлөмү 41 миллиард сомго жетип, 2005-жылга салыштырмалуу эки эсеге өскөнүн ачыктады. Проблемалар катары президент баалардын кескин өсүү мүмкүндүгү, инфраструктуранын 80% эскирүүсүн атады.(AiT)