Бул облигациялар ачык сатыкка чыгарылууга тийиш. Президент өз сөзүндө менчиктештирүүнү улантууну, коммерциялык банктардын уставдык капиталын эки эсеге көтөрүүнү, банктардагы аманат акчаларды коргоо боюнча мыйзамды кабыл алууну, чарба жүргүзгөн тараптардын өз ара карыздарын жоюуну, айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү тармагын салыктан толук бошотууну сунуштады. Президент сөзүнүн аягында өкмөт мүчөлөрүн берген антын унутпай, натыйжалуу иштөөгө чакырды.(AiT)
11:22 Президент Камбарата ГЭСтери жана улуттар аралык жолдор боюнча облигацияларды чыгарууну сунуштады