Мамлекет башчынын сунушуна ылайык, экономикалык иштерге финансы полициясы жана салык инспекцияга гана кийлигише алууга тийиш. Ал эми Ички иштер министрлиги, Улуттук коопсуздук кызматы жана башка тартип коргоо органдары өздөрүнө мүнөздүү: террорчулукка, кылмыштуулукка, коомдук тартипти сактоого байланыштуу милдеттерин аткарууга тийиш. Салык саясатына токтолгон президент өлкө 2009-жылга жаңы Салык кодекси менен кирүүгө тийиштигин айтып, салык саясаты ишкерлерге шарт түзүү жана бюджетти толтуруу багытын көздөш керектигин белгиледи. Президенттин айтымында, кыймылсыз мүлккө салык киргизилиш керек.(AiT)