Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, Кыргызстандын «Темир» мамлекеттик ишканасына тиешелүү темир жүктөлгөн поезд Өзбекстанда кармалып, андагы бир вагондо күчтүү радиактивдүү зат бар экени аныкталган. Ал вагон 31-декабрда Кыргызстанга кайтарылып, анын ичинен Цезий 137 металы табылган. Тийиштүү адистер радиактивдүү затты чакага салып, жерге бекем көмүшкөн. Бул уулуу заттын кандай себептен вагонго салынып, чек аралардан өткөнүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет иликтей баштады. «Темир» ишканасы метал жүктөгөн поезд Иранга багыт алып бараткан.(AiT)