Шаардык сот “Хиз-ут Тахрир” уюмунун өкүлдөрү болгон Алыбаев Максатты 5 жылга, калган Эмиль Асылбек уулу, Тилек Ибраимов жана Тынчтыкбек Абдиевдердин ар бирин 4 жылдан эркинен ажыратуу тууралу чечимин чыгарды. Чечимди сотко төрагалык кылган Анарбек Конгантиев угузду. Аталган инсандар былтыр 26-октябрь күнү “Конституциялык шайлоого барган харам” деп жазылган 675 даана баракча, диск, китепчелерди таратып жүрүшкөн жеринен кармалышкан. (UA)
17:49 Талас шаардык соту мыйзамга каршы үгүт баракчаларын таркатышкан хизбутчуларды соттоду