Жогорку Кеңештин депутаттары бүгүнкү отурмунда Конституциялык сот жөнүндө парламенттин үчүнчү чакырылышынын депутаттарынын 2007-жылы 18-сентябрда кабыл алган токтомун жокко чыгарды. Ал токтомдо эки конституцияны мыйзамсыз деп табуу менен Конституциялык сот өзүнүн укуктарын ашкере колдонгон деп белгиленген. Ушуга байланыштуу Жогорку Кеңеш чыгарлган чечимди мыйзамсыз деп таап, Конституциялык сотко ишеним көрсөтпөөнү чечкен. Аталган токтомду жокко чыгаруу демилгесин көтөргөн Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Чолпон Баекова аталган токтом мыйзам бузуулар менен кабыл аланганын айтты.
Белгилей кетчү жагдай, мурунку парламент бул токтомду кабыл алганда, Ч. Баекова Конституциялык соттун төрайымы болчу. (MSu)
Белгилей кетчү жагдай, мурунку парламент бул токтомду кабыл алганда, Ч. Баекова Конституциялык соттун төрайымы болчу. (MSu)