Кыргыз өкмөтү менен Азия өнүгүү банкы ортосунда түзүлгөн макулдашууга ылайык, 142 км жолду курууга 25миллион доллар бөлүнөт. Транспорт жана байланыш министри Нурлан Сулаймановдун айтымында, бул каражат жолду толугу менен куруп бүтүүгө жетишсиз болгондуктан, учурда башка донорлор менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Ош-Сарыташ-Эркештам жолу Кытай, Кыргызстан жана Тажикстандын аймагы аркылуу өтөт.(MSu)