Жер титирөөдөн жабыр тарткандарга 500 миң сом, 360 мүшөк ун, өсүмдүк майы, көмүр, кирпич, кийим-кечек жөнөтүлдү. Топтолгон гумжардамды облус губернатору баш болгон чиновниктер коштоп кетишти. Баткенден барган жардам зилзаладан катуу жабыркаган Папан, Карасөгөт, Тогузбулак айылдарынын элине жеткирилет. Бул тууралуу «Азаттыка» облустук акимчиликтин басма сөз катчысы Гүлсүн Рыскулова маалым кылды.(SA)