Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:57

15:25 Сот Аксы окуясы боюнча соттук териштирүүнү Бишкекке которуу сунушун четке какты


Мындай сунуш менен айыпталуучу Кубанычбек Токобаевдин өкүлү Республикалык аскер сотунун ишти Жалалабад шаарында карап жаткан судьяларына кайрылган болчу. Кайрылуунун себебин өкүл аскер сотунун отуруму өтүп жаткан облустук сот имаратынын суук болуп, иштөөгө шарттын жоктугу менен негиздеген. «Мындай сунушка биз да каршы болгон жокпуз. Анткени, катуу суук сотко катышып жаткандардын ден соолугуна олуттуу тескери таасир этип жатат» деп билдирди аксылык жабырлануучулардын өкүлү Азиза Абдырасулова. (BuS)

XS
SM
MD
LG