Макулдашууну ратификациялоо долбоорун кечээ Жогорку Кеңештин миграция, эмгек, социалдык саясат, саламаттык сактоо комитети талкуулады. Аталган өлкө жарандарынын ич ара визасыз каттамдары, транзиттик каттамдарын белгилеген макулдашууга тараптар 1999-жылы кол коюшкан. Комитет ошондой эле көчүп-конууну иретке келтирүү жана көчкүндөрдүн укугун коргоо тууралуу 2004-жылдын 12-июлунда Кыргызстан менен Орусия кол койгон протоколдун мөөнөтүн узартуу тууралуу макулдашууну ратификациялоо долбоорун талкуулады. Долбоорго ылайык көчүп-конгон үй-бүлөлөр ташылган мүлктөрү үчүн дагы жети жыл салык төлөшпөйт. Аталган документтерди парламент ратификациялаган шартта күчүнө кирет. (BuS)
17:23 Монголия - Кыргызстан жарандарынын визасыз 90 күндүк каттамы тууралуу макулдашуу долбоору парламентте