Жыйында өткөн жылы 21-октябрда өткөрүлгөн жалпы элдик добуш берүүнүн жана 16-декабрдагы парламенттик чукул шайлоонун жыйынтыктарына, өлкөдөгү саясий-экономикалык кырдаалга баа берилет. Ошондой эле Кыргызстанды өнүктүрүүнүн альтернативдүү жолдору талкууланып, коомдук парламент түзүү маселеси каралып, кыймылдын келечек планын аныктайт. «Акыйкат үчүн!» коомдук уюму парламенттик шайлоодон кийин түзүлүп, анын курамына оппозициялык 8 партия, он бир жарандык уюм кирген. (AJ)