Иран Түркмөнстан газ жөнөтүүнү жандантпаса, коңшу өлкөдөн көгүлтүр отун сатып алуудан таптакыр баш тартаарын эскертти “Фарс” кабар агенттиги маалымдагандай, Ирандын мунай министри Нозари Түркмөнстан газды кайра жөнөтө баштаганда гана анын баасын талкуулоого жол ачылат деп белгиледи. Түркмөнстан мындан 2 жума мурдараак техникалык себептерден улам Иранга газ жөнөтүүнү кыскартканын билдирген.